07.06.2019 13:42

Кулматов менен Ибраимовдун жактоочусу сотту иштен четтетүүнү талап кылды

Кулматов менен Ибраимовдун жактоочусу сотту иштен четтетүүнү талап кылды

Бүгүн, 7-июнда Ленин райондук сотунда Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат. Алардын жактоочусу Сергей Слесарев процесске төрагалык кылып жаткан судья Кубанычбек Касымбековдун ишти кароодон четтетилишин суранды. 

Буга чейин адвокаттын Кулматов менен Ибраимовду тергөө изоляторунан бошотуу өтүнүчү четке кагылган. Жактоочу мындай өтүнүчкө Касымбековдун 3 кылмыш ишти бир өндүрүшкө алып койгону себеп болгонунтүшүндүргөн. 

«Тилекке каршы, сиз мыйзамды жана Кулматов менен Ибраимовдун укуктарын бузууларга жол берип жатасыз. Сиз кылмыш иштин сотко караштуулугун караган жоксуз. Кылмыш иштерди бир өндүрүшкө бириктирүү мүмкүн эмес. Отурумдун башка катышуучулары башка иштердин материалдары менен тааныш эмес. Чогуу каралганы жаткан иштер бири-бири менен байланышпайт дагы», - деди жактоочу. 

Андан тышкары, Слесарев сот  алдын ала угууларды өткөрбөгөнүн жана бул учурда бөгөт коюу чарасы мыйзамдуу кабыл алынбаганын билдирди.  

«Сиз мектеп боюнча кылмыш ишти өндүрүшкө алган эмессиз, бирок аны карап жатасыз. Биз дагы деле мындай иштерди кароого ылайыкталбаган залда иштеп жатабыз. Сиз бардык айыпталуучулар үчүн тиешелүү шарттарды түзүп берген жоксуз», - деп кайрылды жактоочу сотко. 

Ошондой эле, жактоочу соттун өзүнө козголгон кылмыш иши тууралуу эскертти. 

«Сиз толугу менен Башкы прокуратуранын көзөмөлүндөсүз, анткени сиздин үстүңүздөн козголгон иш башкы көзөмөлдөөчү органда жатат», - деди Слесарев.

Кубанычбек Кулматов эмнеге камакта кармалып турганын түшүнбөстүгүн айтты. 

«Мен бул жерде эмне кылып жүргөнүмдү түшүнбөйм. Сиз менин укугумду бузуп атасыз жана мага карата бир чечим кабыл алууга милдеттүүсүз.  Сиз мени бошотушуңуз керек», - деп билдирген Кулматов, жактоочунун сотту ишти кароодон алуу сунушун колдоду. 

Албек Ибраимов соттон ага карата ачылган кылмыш иши бар, же жогун тактады. 

«Сизге карата кылмыш иши ачылганы чынбы? Ар кандай ушактар жүрбөш үчүн жооп берсеңиз. Сөз сиз жөнүндө болгондо эле, балкаңызды тыкылдатып калат экенсиз», - деди ал.